Бүгүн, 26-сентябрда шаардагы №18-гимназия мектебинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектепке чейинки даярдоо курсу ачылды. Иш-чарага мэрия өкүлдөрү, шаардык билим берүү башкармалыгынан адистери жана мектеп жамааты катышты. Окуу классы 12 окуучуга ылайыкташтырылып, 36 окуучу 3 смена менен окушат. Окуу программасы 240 саатка ылайыкталган. Классты окуу куралдары менен Борбордук Азиядагы Евразия фонду каржылаптыр.