Бишкекте төртүнчү жыйынтыктоочу туристтик форум өтөт

Бишкекте 27-сентябрь күнү төртүнчү жыйынтыктоочу туристтик форум өтөт. Муну 26-сентябрдагы маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Сыргак Чокоев билдирди. Анын айтымында, форум бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата өтөт. “Форумдун максаты - Кыргызстандагы туризм тармагында иштегендерди бирдиктүү иш алып баруу менен Кыргызстандагы туризм потенциалын көтөрүү. Форумда кийинки жылга карата пландар каралып, көйгөйлөр талкууланат” – деди Чокоев. Мындан сырткары 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыктары көрсөтүлүп, туризм тармагы үчүн актуалдуу долбоорлор каралат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан