БШКнын Жогорку Сотко келип түшкөн кассациялык даттануусу артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Буга чейин БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, 26-октябрда Жогорку Сотко кассациялык доо арызы менен кайрылган.
Окуянын чоо-жайы:
6-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.
Бишкек шаарынын административдик соту, 24-октябрда БШКнын 21-октябрдагы кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган.