Биз социалдык тармакта

БШК: "Кайрадан парламенттик шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек"

БШК Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн 22-октябрдан кечиктирбестен белгилеп, депутаттарды кайталап шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова SUPER.KG порталына билдирди.

"Жогорку Кеңеш жана БШК Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын чегинде кечиктирбестен төмөнкү кадамдарды жасашы керек. Биринчиден, 21-октябрга чейин шайлоого катышкан партиялардын ар бирин мыйзам бузуу фактыларына катыштыгы бар же жогун аныктап, ошонун негизинде иш алып баруу керек. Экинчиден, парламенттик шайлоонун босогосунун күрөөсүн кыскартуу керек. Ошондой эле форма-2 маселесин чечип, чет өлкөдөгү мигранттарыбызга добуш берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек.

21-октябрь – мыйзамга ылайык, шайлоо боюнча толуктоолорду кабыл алуунун акыркы мөөнөтү, ага президент кол коюшу керек.

БШК кайрадан парламенттик шайлоонун күнүн 22-октябрдан кечиктирбестен белгилеши керек, ал эми кайталап шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек. Мунун баары конституцияда жазылган", - деп билдирди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары алган. Бул партиялардан тышкары 7 пайыз босогону "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жана партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. Натыйжада парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kuban-1207
2020-10-16 12:26:27
Шайлоо болбойт депутаттын кереги жок жегичтерди кайра шайлабаш керек
+2
algakaray
2020-10-16 12:34:16
Кайра эле байагы заманга алпаратат. Бир мандаттуу эле бололу. Эскилер ушу менен кетсинчи эй жаман тажадым ушулардан. Коргондо кыжырым келчу болду. Жаны иш билги, реформа жургузо турган, коррупцияга аралашпаган, мекенди алдыга суйрой турган адамдар келсин деп тилеп, дуба кылалычы.
+6
Kuban-1207
2020-10-16 12:34:57
Шайдлдабекова эмнеге кетпейт
-1
Mirnar
2020-10-16 12:53:26
Партиялар жоюлсун! Бир мандаттуу 20 депутат жетип ашат биздинбиздин чакан
мамлекетибизге.
+1
Jacob.
2020-10-16 13:12:54
90 күндүн ичинде парламенттик шайлоо, президенттик шайлоо болот экен. Парламенттик шайлоо болду дейли, бирок президенттик шайлоого Садыр Жапаров катышканы укугу жок дейт. Бул деген сөз 2 айдан кийин Садыр президент боло албайт дегени, эгер жаңы парламент Садыр Жапаровту премьер министр кылып шайлабай коюшса бүттү экен да. Жапаров ни кто болуп кала берет...
+3
mirkaa5182
2020-10-16 13:24:51
Бизге парламенттик шайлоо жарашпайт экен, бир мандаттуу можаритардык система менен эле шайлоо кылыш керек болуп калды, Садыр Жапаров айткандай...
+1
JaneEr
2020-10-16 13:26:56
Кереги жок.Андан коро ооруканаларды ондогула,элдер ооруп места жок уже.Эч кимиси ойлобойтат баягы эле.
0
bekov01
2020-10-16 13:37:46
Садыр Жапаров президенттик шайлоого барыш керек
0
Jacob.
2020-10-16 13:41:57
bekov01, ал президенттик шайлоого барыш үчүн азыр и.о. президент болбой туруш керек эле...
+2
AdylbekB84
2020-10-16 14:09:55
Законду түшүнбөгөн элдин айынан ушундай нерселер болуп жатат, Жапаровко бийликтин баарын алып беребиз деп мына алгыла эми, Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт экен, өлтүрдүңөр баарын! Эртең дагы чыгышат булар законду өзгөрткүлө деп! Сабыр каниет кылып турушканда Жээнбеков өткөрүп бермек шайлоодон соң!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан