Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "кымбат" деп талкууга түшкөн кийимдери боюнча жооп берди

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашып, бийлик башына Садыр Жапаровдун келиши менен анын жасаган иштеринен тартып кийген кийимине чейин коомчулуктун көзүндө болууда. Өзгөчө интернет айдыңы кулачын жайган сайын анын колдонуучуларынын талкуулоочу темасы көп. Буга чейин өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кийген кемсели, күрмөсү, кымбат баалуу бренд кийимдери, алардын баасы 3 миң доллардан 6 миң долларга чейин турат деген кептер тарап, социалдык тармактын колдонуучулары салыштыруу үчүн сүрөттөрүн чыгарышкан болчу.

Садыр Жапаровдун айтымында, ага куттукташып дос, туугандары кийимдерди да белекке берип жатышкан. Бул тууралуу ал Регион.ТВ каналына берген маегинде журналисттин суроосуна жооп берген.

"Камчы досум (ред. Ташиев) бир куртка алып келип берди, анын деле баасын сураган жокмун. Балким эртең аны кийип чыксам аны дагы сындашы мүмкүн, "Мекенчилдер" Москвада чогулуп мени куттуктап кийим алып берип жиберишиптир. "Башыңызды куттуктаганыбыз болсун" дешип достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол эле кийимдерди кийип жүрөм, мына ушул эл кийген эле кийимдер. Баасын сурабайм, кызыкпайм дагы. Кымбат арзанына карабайм, негизи мага жарашса болду, кие берем. Өзүм базарга, дүкөнгө барып кийим албайм, келинчегим алып келип берет", - деди ал.

Садыр Жапаровдун кемселинен тартып Камчы Көлбаевдин күрмөсүнө чейин талкууланган кабарды бул жерди басып окуңуз.

Садыр Жапаров "кымбат" делген кийимдери кайдан келгенин айтты
Күндүн жаңылыктары: Митингде оң колунан ажыраган жигит үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kuban-1207
2020-11-04 10:10:46
Сабырдын кийимдерди өзүнө жарашат
+11
NURSAPAR
2020-11-04 10:36:43
Kuban-1207,Садыр эмеспи?
+9
TIMON_BERKOWITZ
2020-11-04 12:40:02
Кыргызстанды онуктуруп коюп алтындан чапан кийсе деле мейли, эл озу токуп берет!
+19
Mital.89
2020-11-04 13:56:00
жинди болуптурбу 3 мин доолларга бир куртка кийип
0
bekbol2006
2020-11-04 14:05:05
АША мультимиллионер кандай кийседа эмнеге сындаган жоксунар?.. Садыр алтындан кийседа ошого татыктуу!
+7
Samaganova
2020-11-04 14:37:09
Учурдагы премьер министрге алтындан чапан жапсак да татыбайт. Ушундай оор кырдаалга туш болуп калды бул инсан .Ошондуктан эл анын артынан тушуудо
Башка ишенээр эч ким жок .
+3
Asel69
2020-11-04 18:33:08
Садыр Жапаров ишеничтен кетти
-7
arimaz89
2020-11-05 08:06:59
Asel69,Эмне болуп ишеничтен кетти?
0
rola
2020-11-04 18:35:33
Жапаров любой кийимдин коркун ачат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан