Бренддик кийимдер. Садыр Жапаровдун кемселинен тартып Камчы Көлбаевдин күрмөсүнө чейин талкууланууда

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөдөгү жана дүйнөлүк коомчулуктагы эң көп талкууга алынган саясий фигурага айланды. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары арасында анын мамлекет башкаруудагы кабыл алган чечимдери менен иш-аракеттери көңүл чордонунда болуп келсе, бүгүн, 23-октябрда Садыр Жапаровдун кемсели талкууга алынды. Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына шайлоо тууралуу билдирүү калтырып, ага кошо сүрөтүн жүктөгөн.

Бул билдирүү чыгары менен интернет колдонуучулар сүрөттөгү Садыр Жапаров кийип турган жеңи жок күрмө белгилүү KITON фирмасына таандык, баасы болжол менен 246 миң 250 сом турган бренддик кийим экенин айтып чыгышты. Айрымдары баасы өтө кымбат кийим кийген президенттин милдетин аткаруучуга сын айтса, кээ бири тескерисинче аны колдоо иретиндеги билдирүүлөрдү калтырышкан. Бирок чындыгында эле Садыр Жапаров кийип турган күрмө жогоруда көрсөтүлгөн фирмага таандыкпы же жокпу белгисиз.

Ал эми 22-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалып, аны кармоо учурунда кийип жүргөн сырткы кийими дагы колдонуучулардын талкуусунан тышкары калган жок. Көлбаевдин FANDY брендиндеги жынсы күрмөсүнүн интернет сайттагы баасы 995 евро (95 миң 150 сом) турары көрсөтүлгөн.

УКМКнын кызматкерлери Раимбек Матраимовду кармап кетип баратканда, анын кийген кепкасынын баасын интернеттен карап көрүүгө жетишкен колдонуучулар 36 миң рубль (38 миң 266 сом) турарын эсептеп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kaary
2020-10-23 22:27:23
Э талкуулагандан башка ишиңер жокпу не? Балким бирөө бадерке кылгандыр?! Балким бул кемсел такыр эле андай кымбат кемсел эместир! Так что Садыр Нуркожоевичтен ары ойногула!
+25
Sofiya05
2020-10-23 22:29:48
Эми элден сурап кийим кийиш керекпи ошондо????
+19
Gabiku
2020-10-23 22:46:23
Бренд оригинал деген мн балким окшош бирок баасы болоктур. Мисалы биздин эле магазиндерде турган 80 сомдук пяткини кечээ интернет магазинден 25$ деп турганын коргом, может бул деле ошондойдур
+18
CHingiz90
2020-10-23 22:55:27
Пи###ц бляяя
+3
Agayu
2020-10-23 23:08:47
Кыргыз эли келгиле тынчтыкка келели .Кыргыз эли ушинтип урушуп жүрө берсек бизди эч бир эл сыйлабай калат . Индейцы лер дагы бир кезде азыркы АКШ да местный болуп жашаган .Алар да урушуп талашып бөлүнгөндөн кийин Европалыктар оңой эле кырып салган .Келгиле Кошуна мамлекеттердей тынч жашайлы .Кыргызстандын эле саясатын көрбөй коңшуларды да көрсөңөр .Кандай тынч : кандай өнүгүп жатат.Бизде только Көк Бөрү өнүккөн .Ошодон эле чыкпайбыз
+10
bekov01
2020-10-23 23:14:54
Буга окшоштор базарда толтурада балким 2000 сомдуктур ким билет
+13
Nur777
2020-10-23 23:28:54
Жапаровдун жилеткасы оригинал эмес,2800 сомдук подделка деп жазып атышты эле го...
+11
iamjuma
2020-10-23 23:43:08
Экоонун айрымасы билинип турат ко.Жапаров анчалык кымбат кийим киймек тургай .Уктабай журот
+17
nazira...
2020-10-24 00:20:55
Адамды иштетишеби же жокпу. Онукпойбуз го кыргыздар бу кетиште. Отунбаеванын ар бир таккан брошкасын билет беленер канча евро турганын, анда унчукпайсынар анан жапаровдун кийимин талкуулайсынар. Дагы неси калды асылбаган, иштеткилечи нормально адамды.
+14
Sunera
2020-10-24 01:41:12
Супер качан туура жазасынар Fendi деп турса fendy деп жазып англ билбеген мен ошону коруп калдым постоянно туурамес
+4
Aguwa
2020-10-24 06:58:32
Бардык нерсенин оригиналы жана подделкасы болот эмеспи, Садырдын кийип турганы да подделка, ашып барса 3000сом. Эми кийсе киет да бир жолу эле аша чаап кетесинер да! Кана берки Атамбай, Сапар, Омурбек дегендердин кийимдерин да изилдеп коргуло анда? Садырга келгенде эле носкисинен бери жабышып албай!
+8
Petrovka
2020-10-24 07:25:24
Кийсе кийди дейбиз кийбесе байкушта жокпу жакшыраак эле нерсе кийип албайбы дейбиз. Пенде экенбиз да эч нерсе жакпайт.
+5
Targarien
2020-10-24 14:08:12
Булар кийсе бренд экени да билинбейт экен
0
KaGaH
2020-10-24 17:26:37
Азыркы заманда элден эч нерсе жашыра албайсың ))))
+1
jaz99
2020-10-25 09:04:50
Садыр Нуркожоевичти презденттике шайлайлык эл журт окунбойвуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан