Биз социалдык тармакта

Алтынчы талапкер: Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз тапшырды

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары БШКга арыз таштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Муну менен президенттик кызматка өзүн-өзү талапкер көрсөткөндөрдүн саны 6га жетти.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Malik92
2020-11-04 16:10:09
Ушу карыган чалдар жон эле ысык чайын ичип уйундо отурушса.
+6
al-abu-kinesz
2020-11-04 16:36:44
Садыр Нургожоевичти шайлаарыбызды билип туруп кайсы кемчонтойлор президенттикке коюшат?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан