"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин партиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мадумаров шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары чыгып жатканын айтты.
"Партиянын атынан эмес, жеке жаран катары чыгып жатканымдын себеби Кыргыз өлкөсүнүн президенти бир да бир саясий партиянын же саясий топтун мүчөсү болбой, өлкөнүн жеке кызыкчылыгын коргогон инсан болушу керек. Бүгүн, 30-октябрда БШКга арызды тапшырабыз" , - дейт Мадумаров.
Буга чейин ал эки жолку президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.
Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.