22-октябрда Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен ай-күнүнө жеткен кош бойлуу келин күйөөсү тарабынан токмоктолуп каза болду деген маалымат тарады. Күбөлөрдүн айтымында, кылмышка шектүү мас абалында аялын жана кайненесин союл менен сабаган. Алган жаракатынан улам 29 жаштагы кош бойлуу келин көз жумуп, анын апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Арадан беш күн өткөн соң, тактап айтканда, 27-октябрда ал дагы көз жумду.
Окуянын чоо-жайын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №935 санынан окуй аласыз.