Ысык-Көл. Облустагы саламаттыкты сактоо системи толук талдоодон өткөрүлөт

Бир ай ичинде Ысык-Көл облусундагы саламаттыкты сактоо системи эксперттердин катышуусунда толук талдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу облус башчы Эмил Каптагаев билдирди. Жыйында Түп райондук башкы дарыгеринин жана Тоң райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароо тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине өтүнүч кат жиберүү сунушталды. Облус башчынын орун басары Роза Кайыкованын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрелинде өткөрүлгөн биринчи координациялык кеңештен соң аларга иштеги кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилген. Бирок алар толугу менен аткарылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан