Ош. Милиция кызматкерлерин жардыргыч зат менен коркуткан Чүй облусунун жараны кармалды

Ош шаарында Ош ШИИБнин Жол кайгуул кызматкерлерин жардыруучу зат менен опузалоого аракет кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Окуя бүгүн, 26-сентябрда саат 11:00 чамасында шаардын Р.Абдыкадыров жана Степная көчөлөрүнүн кесилишинде болду. МАИчилер айнектери караңгылатылган автоунааны токтоткондо айдоочу унаадан  “Ф-1” үлгүсүндөгү жардыруучу затты алып чыгып "баарыңарды өлтүрөм" деп жардыруучу заттын шакекчесин тиши менен жулганга аракет кылган. Шектүү жаранды шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Айдоочу 1988-жылы туулган Чүй облусундагы Кемин районунун тургуну Тилек Самсалиев экени маалым болду. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын ШИИБи билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан