Ысык-Көл: Түп районунда жаңы теплица ачылды

Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Дөбө айылында "Карагат+" долбоорунун алкагында "Билим" окутуу борборунун жана жаңы теплицанын ачылышы болду. Ага бийлик өкүлдөрү, тургундар жана бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Түп районунда алгачкы ирет ачылып жаткан теплицанын кызыл тасмасын Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков жана райондун акими, айыл өкмөт башчысы кести.

Иш-чаранын алкагында жашылча жемиштерди өстүрүүдө аз чыгым сарптап, мол түшүм алуунун жолдорун адистер түшүндүрүп беришти. Долбоорду "Кумтөр" компаниясы каржылоодо.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан