Аппак жерге туш болгон ал алдастап “өмүрүм соңуна чыктыбы? Жашоом бүттүбү?” деп коркуп кетти. “Жок, сенин жашооң эми гана башталып жатат” деди бир өзгөчө үн. Аны чекесинен бирөө түртүп жибергендей болду. Учуп баратып эсине келип көзүн ачты. Ошондо гана палатада жатканын, операция ийгиликтүү болгонун билди. “Жашооң эми башталып жатат” деген сөздү аян катары кабыл алды. Жакында эле ал 33 жашка толуп, өткөргөн өмүрүнө көз чаптырып жатып “жашоомдо ордумду тапкан, тагдырдын эрке кызы экенмин” деп өзүнө-өзү ичинен сыймыктанып алды. Ал ырчы Каныкей эле...
Ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №936 санынан окуй аласыз.