Бишкектеги Улуттук китепканада 27-сентябрь күнү жылда өтүүчү билим берүү жарманкеси өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге алдынкы окутуу уюмдары катышат. Кыргызстандагы АКШнын элчилиги, КРнын Билим берүү жана илим мнистрлиги, “Кыргызстан-Сорос” фонду, академиялык алмашуулар боюнча германиялык маалымат борбору, Борбордук Азиядагы Америка университети, АКСЕЛС, АЙРЕКС, КРдагы Франциянын элчилигинин өкүлдөрү өздөрүнүн программалары менен тааныштырышат.
Жарманкенин ачылышына билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков, КРдагы АКШ элчилигинин маданият иштери бөлүмүнүн жетекчиси Жоханна Фернандо жана башкалар катышат.
Катышуучулар чет өлкөгө окууга тапшыруу жолдору менен таанышып, жекече кеп-кеңеш ала алышат.