Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 27-сентябрда Нариман Түлеев боюнча соттук отурум башталууда. Свердлов РИИБинин башчысынын айтымында, сот залы кичинекей болгондуктан соттук процесске Түлеевдин тарапташтары киргизилбейт. Соттолуучулардын жакын туугандары, журналисттер жана күбөлөр гана киргизилди.
Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерде айыптуу деп табылды.