Феликс Кулов: "Кумтөр" боюнча референдум өткөрүүнүн зарылчылыгы жок, эл ансыз да ишкананын 100 пайыз Кыргызстанга өтүшүн каалайт"
"Кыргызстанда "Кумтөр" боюнча референдум өткөрүүнүн зарылчылыгы жок, эл ансыз да ишкананын 100 пайызына ээлик кылууну талап кылууда",- деп билдирди "Ар намыс" фракциясынын лидери фракциянын 27-сентябрдагы жыйынында. Айрым депутаттардын референдум өткөрүү маселеси бир нече жолу көтөрүлүп жатканына Кулов андай кылууга болбой турганын айтты. "Бул мамлекетке ашыкча чыгым алып келет. Анын үстүнө добуш берүүнү жыйынтыгы белгилүү, эл "Кумтөрдүн" 100 пайызы Кыргызстанга өтсүн деп добуш берет",- деди Кулов. Ошондой эле аталган ишкана боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун, эгер айыптар аныкталса Кыргызстан келишимди кайрадан карап чыгууга укук аларын айтты.