Каныбек Нарбаев "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекция курган имараттардын авариялык абалдагысы жок" деди
"Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекция курган имараттардын авариялык абалдагысы жок",- деди архитектура курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев "Республика" фракцясынын 27-сентябрдагы жыйынында. Айтымында, былтыр кышында бир үйдө суу түтүктөрүнүн айынын бир үйдө суу берүү токтотулган. "Ал үйдү курган компания бүгүнкү күнгө чейин кемчиликтерди өз эсебинен оңдоп жатат",- деди Нарбаев. Фракция жыйынында аталган дирекция боюнча Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы каралууда.