КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков фракциянын 27-сентябрдагы жыйынында Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнөн эмне үчүн "Апрель революциясынын баатырлары" каза болуп жатканын сурады. Маалыматтар боюнча акыркы 2 жыл ичинде апрель окуясынын 101 катышуучусу көз жумуптур. "Алар эмне себептен каза болууда. Билбейбиз деп айтпагыла, эл түшүнбөйт",- деди Турсунбеков.
Буга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев: "Себептери ар кандай. Мисалы Токмокто бирөөсү кургак учуктун туруктуу формасынан көз жумду. 7-Апрель окуясында көкүрөгүнөн жаракат алган экен, бирок андан өлгөн жок",- деп жооп берди.