Бишкек: Жаңы конуштардагы 42 миң жашоочунун 1 577синин документи жок
Коомдук уюмдар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн
жыйынтыгы боюнча Бишкектин 11 жаңы
конушунда жашаган 42 300 жашоочунун 1 577синин өздүк документтери жок. Алардын 16
миңи 16 жашка чейинкилер. Дордой жана Ош базарларына жакын жайгашкан жаңы
конуштарда 10 474 киши жашайт. 16 жашка чейинкилердин 92 пайызында
туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок экендиги аныкталыптыр. Изилдөө 2013-жылдын август айында “Балдарды коргоо борбору”
коомдук уюму, “Арыш”, “Адилет” укуктук клиникасы тарабынан жүргүзүлгөн.