Ош. Кара-Суу райондук соцфонддун кызматкерлери жетекчисин "кетсин!" дешүүдө

Бүгүн, 27-сентябрда Кара-Суу райондук социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери жетекчиси Райимберди Жакыповдун кызматкерлерге жасаган мамилесине нааразычылык билдирип журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүштү. Кызматкерлердин айтымында, Жакыпов кызматкерлерин аял-эркек дебей ашата сөгүп, жетекчилик этиканы билбей, маралдык жактан кысым көрсөтүп жатыптыр. Учурда мекемедеги кызматкерлер 2 топко бөлүнүп калышканы айтылды. Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Залимбеков: “Жетекчинин басмырлоосуна чыдабай 10 кызматкер иштен кетип калды”- дейт. Ал эми бул мекемеде 16 жылдан бери иштеп келе жаткан Айгул Туратова: “Мекемеде 32 жыл иштеген Махбурат Ахмедованы пенсия курагына бир жыл калганда иштен айдады. Жетекчиге каршы сүйлөп койгону үчүн жумушунан айрылды. Бизде ким жетекчиге каршы сүйлөсө жумуштан кетет. Биз бул иш боюнча арызданып Жогорку Кеңешке кат менен кайрылганбыз, бирок жооп жок. Биздин талап мындай жетекчини иштен кетирүү”,- дейт. Айта кетсек, Райимберди Жакыпов аталган мекемени 7 жылдан бери жетектеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан