"1916-жылдагы Үркүндө Ак-Шыйрак, Бедель ашуусунда, Кытай чек арасында каза тапкандардын сөөктөрүн мусулманчылык жол менен көмүү зарыл. Бул ашуулар август айында эки күнгө гана ачылат, ошондуктан бул күндөрдү улуттук ишембилик күнү деп жарыялоо керек". Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев 27-сентябрда билдирди. Анын айтымына, парламент өкмөткө бул окуянын 100 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Чыныгы, реалдуу окуя кандай болуп өткөндүгү тууралуу иликтеп, орус окумуштуулары менен биргеликте илимий-конференцияларды уюштуруу керектигин айтат депутат.