Ош. Июнь окуясынын жабырлануучулары үчүн курулган үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча отурум болду

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган турак-жайларды жарандарга бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отуруму болду. Отурумга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, мэрия кызматкерлери катышты. Үй бөлүштүрүү маселеси каралып жатканын уккан Июнь окуясынын жабырлануучулары залга күч колдонуп кирүүгө аракет кылышты. Жыйында мекемелер аралык жумушчу топтун аткарылган иштери боюнча маалыматтар угулду. Сарпашевдин айтымында, бүгүнкү кундө келип тушкөн арыздардын саны 228ди түзүп, алардын 21и гана туура тартипте каралган арыздар. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө көп жылдан бери күч түзүмдөрүндө иштеп, июнь окуясында жабыркаган кызматкерлерге да үй берилүүсү тууралуу ой-пикирлер айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан