Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган 500 батир 2010-жылдагы Июнь окуяларынын жабырлануучуларына бөлүнүп бериле элек. Бул тууралуу “Республика” фракциясынын 27-сентябрдагы жыйынында аталган дирекциянын башчысы Жусупжан Жээнбеков билдирди. “500 гө жакын батир бош турат. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, курамында депутаттар бар өкмөт өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдарынан куралган комиссия алектениши керек. Бирок алар иштешкен жок”,- деди Жээнбеков.