Нариман Түлеев боюнча сот иши 1-октябрга жылды

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев боюнча сот отуруму 1-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык соту чыгарды. Мындан сырткары Түлеевдин Ленин райондук сотундагы соттук процесс тартылган видеону экспертизадан өткөрүү суранычы канааттандырылган жок. Түлеев Ленин райондук соту башка чечимди окуп, колго берилген документтерде башка нерселер жазылганын айтып, процесстеги видоену текшерүүнү суранган эле.  

Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерде айыптуу деп табылды. Анын  менен кошо иштеген айыптоочулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан