25-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы "Сары-Мойнок" постунан тоодон түшүп келе жаткан Б.Ж. аттуу мергенчи 20-25 килограмм текенин эти менен кармалды. Аңчылык ресурстарын жөнгө салуу департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкери Акылбек Байтбосуновдун айтымында, автоунаадан Вепрь үлгүсүндөгү мылтык табылды. Айта кетсек, Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөндөрүнө эчки-теке, аркар-кулжа, бугу азайып кеткендигине байланыштуу өз кызыкчылыгы үчүн аңчылыкка чыгууга тыюу салынып, мораторий жарыяланган. Мындан улам кармалган жаран 55 000 сом айып төлөйт. Факты боюнча кылмыш иши козголду.