Ош. 5-октябрда жаңы көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи болот

5-октябрь - Ош шаарынын күнүндө шаардагы Навои көчөсүнө курулчу жаңы көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи болот. Иш-чарага шаар башчы Мелис Мырзакматов, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров жана башка жетекчилер катышат. Көпүрө 2 жарым жылда даяр болору 24-сентябрдагы мэриянын аппараттык жыйынында айтылды. “Шаардыктар жолдор жабылып, учурдагы ыңгайсыздыктарды туура тушүнөт деп үмүттөнөм. Бул көпүрө ар бир шаардык тургун үчүн маанилүү”- дейт Мелис Мырзакматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан