Кыргызстанда быйыл туристтик сезон ийгиликсиз болду

Экономикалык жана саясий окуяларга байланыштуу 2013-жылкы Кыргызстандагы жайкы туристтик сезон ийгиликсиз болду. Мындай маалыматты маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев Бишкекте өткөн туристтик форумда билдирди. Учурда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясы иштелип жатат, өлкөгө 44 мамлекеттен жарандардын визасыз кирүүсүнө уруксат берүү чечими чет элдик туристтердин санын көбөйткөнүн белгиледи. Курорттук  мекемелердин салык салуу долбоору иштелип жатканын айтып: “Жыл аягына чейин салык салуу боюнча долбоор толугу менен иштелип чыгып, Кыргызстанда курортторду иштетүү механизми жолго салынат”,- деди ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан