30-сентябрь - Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган самбо, бокс, волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча жаш өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан мелдеш жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук спорт мектебинин директорунун орун басары Адилет Бөлөкбаев билдирди. Анын айтымында, финалдык мелдештерде 1, 2, 3-орунду ээлеген спортчуларга баалуу белектер жана медалдар тапшырылат.