Бишкек шаарынын 135 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 28-сентябрда борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтта Бишкек шаарынын 135 жылдыгы белгиленүүдө. Майрамдык салтанатта КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев шаардыктарды куттуктап  президенттин куттуктоо сөзүн айтты. "Бүгүн биз эгемендүү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынын 135 жылдыгын белгилеп жатабыз. Эгемендүүлүк жылдары элибиз, өлкөбүз кандай кыйынчылыктарды сыноолорду баштан кечирди. Бүгүнкү күндө деле Бишкек кыйынчылыктарга туш болууда.  Бишкек биздин үй, биз ушул кунгө чейин ынтымакта жашап келгенбиз. Ар бирибиз өзүбүз жашаган жерге жооп бергенибизден жаңы Кыргызстанды кура алабыз деп ишенем. Үй-бүлөңүздөргө ынтымак, Бишкекке өсүп өнүгүүнү каалайм",- делет куттуктоодо. 

Бишкек шаарына 135 жыл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан