"Кыргызстанда мектептерди китеп менен 100 пайыз камсыздоого 600 миллион сом керек",- деди 29-сентябрда “Борбордук Азия: бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү” аттуу конференцияда билим берүү жана илим министри Канат Садыков.
"Мамлекет тарабынан окуу куралдарын акысыз таратуу кепилдиги болуш керек. Бизге мектептерди 100 пайыз китеп менен камсыз кылуу үчүн 600 миллион сом керек”,- деди министр. Тажикстанда акысыз билим берүүнүн алкагында китептерди ижарага берип окуу куралдар көйгөйү чечилгенин жана учурда алар жаңы китептерди сатыкка чыгаруунун алдында турганын кошумчалады Садыков. "Мындай кадамга Кыргызстан да барышы керек",- деди министр.