Ош облусунун Ноокат районундагы Кулуштан айылында 30-сентябрда автокырсык болуп, 1 адам жаракат алды. Окуя саат 01:00 чамасында болду. Хундай Старекс автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа аңтарылып кеткен. Айдоочу Ноокат районунун 1980-жылы туулган тургуну З.Орозбаев экендиги маалым болду. Кызыл-Кыя шаарындагы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге келишип, жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүштү. Жаракат алган жаран учурда ооруканада.