Октябрь айында "Тамашоу" лигасынын Ысык-Көл облусу боюнча 6-сезону ачылат. Бул тууралуу аталган долбоордун облустагы өкүлү Адис Маркаев билдирди. Маалыматка таянсак, 6-сезонго шаардык, райондук, айыл жергесинен түзүлгөн жаңы курама камандалар катышып, тушоосун кесишет.