Бүгүн, 30-сентябрда Кара-Суу районунда кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмү. Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге аймактагы жумушсуз жаштар, иш берүүчүлөр жана кесиптик билим берүүчү мекемелер катышмакчы. Жарманке өлкөдө жаңы иш орундарын түзүүгө шарт түзө турганын билдирет аталган министрликтин Ош шаарындагы бөлүмү.