Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети шаардагы ЖОЖдордун, атайын орто окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн акысыз англис тилин окутуу курсун баштады. Аталган долбоор 2 айга созулуп, жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат. "Долбоор эки ай сайын жаңы тил үйрөнүүчүлөрдү кабыл алып турат. 20-сентябрдан баштап 26 адам окуй баштады",- дейт аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев.