Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышып чыкты. Вице-мэр Рустам Мирзаматовдун айтымында, көпүрөнүн узундугу 710 метрди түзөт. Мындан сырткары бул курулуштун жанындагы суу түтүктөрү алмаштырылып, ордуна чоң көлөмдөгү жаңы түтүктөр орнотулат. “Суу түтүктөрү алмаштырылып, көчөгө жаңы асфальт төшөлөт",- дейт шаар башчы.