Бишкектин айрым райондорунда 1-октябрда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынан маалымдашты. Жабдууларды оңдоо иштеринен улам саат 09:00дөн 21:00гө чейин Күреңкеев, Абрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, “Красный строитель” жана “Көлмө”, “Ак-Тилек”, “Алтын-Бешик” жаңы конуштарында таза суу болбойт. Ошондой эле Чүй автобекет жана автостанция бирикмеси, Краснодонцев көчөсүндөгү аскердик колледж, “Электросили” кооперативи, “Бишкектурбазасында”, Махатма Ганди көчөсүндөгү Биринчи Май райондук аскердик комиссариатында жана башка жерлерде да суу берүү токтотулат.