Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Акылбек Жапаров. Мыйзам долбооруна Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев "каршы" деп добуш беришти. Ал эми 60 депутат "макул" деп добуш берди.
Кечээ аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. Мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айткан да депутаттар болду. Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айткан.