Өмүрбек Текебаев: "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум"

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирүү жасады.

"Тарыхта мындай болгон эмес. Бүткүл дүйнө боюнча кыргыздар бүгүнкү парламентти "легитимсиз" деп жатат. Парламенттин жетекчиси Москвага барганда ал жактагы кыргыздар, бизди "мыйзамсыз" деп сыйлабагандыгын билдирип пикетке чыкты. Мурда мындай болгон эмес.

Мен маселелерди жоопкерчилик менен кароого сунуш кылат элем. Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум. Процедураларды бузуу менен болду. Кийин бул мыйзамды референдумдун жыйынтыгы мыйзамсыз деп аткарбай койгонго толук негиз бар. Бул мыйзам бюджеттен каражатты талап кылат. Канча акча кетерин сурап койгон адам жок. Конституцияда референдумду өткөрүү тартиби жазылган. Бул мыйзам бир ай коомдук талкууга коюлган жок.

Илимде президенттик-парламенттик деген башкаруу формасы жок. Ушул ойду айталы десек унчукпай добуш берип койдуңар. Мындай референдумду эч ким тоготпойт. Башыбыз айланып калды го эмнени чечип жатабыз деп.

Урматтуу депутаттар, кеп президенттик же парламенттик башкарууда эмес, кеп өзүбүздө. Президент боло турган адамдын мыйзамда жазылбаган каалоолорун ишке ашырганга шашабыз. Садыр Жапаров түрмөдө жатып, айыл өкмөттү президент дайындаш керек деп кат жазган. Мыйзамда көрсөтүлбөгөнү менен ниетине жараша болот. Түшүнүк - ниет менен башкарылып жатат. Шопур, жан сакчылар Жогорку Кеңештин ишине аралашкан учурлар болгон. Элдин арасында 1993-жылкы Конституцияга келели деген чоң кыймыл бар. Бул аралаш систем. Элдин оюн эске алып жатсак, эмнеге аны киргизбейбиз", - деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан