Чүй облусунун айрым райондорунда 2-4-октябрь күндөрү электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматынан маалымдашты. Чүй облусунда электр линияларын оңдоо иштеринен улам 2-3-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Панфилов, Эфиронос, Вознесеновка, Чалдыбар, Кум-Арык, Букара, Эркин-Сай, Тельман, Орто-Арык, Чолок-Арык, Чорголо айылдарында электр энергиясы болбойт. Сокулук районунун Төрт-Көл айылында да ушул аралыкта электр жарыгы өчөт.