Менин жерим: "Алыс кетсем дароо сени сагынам, Киндик каным тамган жерим Мантышым!". Кочкордун Мантыш айылы тууралуу баян кылабыз

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Мантыш айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, кооз жаратылышы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Ализа Байсейитова баяндап берди.

Бекер жерден дене кантип балкысын,
Туулган жерим сен деп жүрөк жаркысын.
Алыс кетсем дароо сени сагынам,
Киндик каным тамган жерим Мантышым!

Мантыш айылы - Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн борбору. Бул айыл өкмөтүнө Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Ак-Талаа айылдары да карайт. Деңиз деңгээлинен 2 миң 215 метр бийиктикте жайгашкан. Айылда 250 түтүн бар жана калкынын саны 812 адам. Кочкор районунун борборунан 45 чакырым батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 105 чакырым аралыкта орун алган.

"Биздин айыл бийик тоолуу келип, жай айлары салкын, кышы жылуу. Көбүнчө дыйканчылык, мал чарбачылык менен эмгектенишет. Айылыбыз таза суу менен камсыз болгон. Ажайып көрктүү Сөөк жайлообуз бар. Сөөк суусу менен сугат иштери камсыз болот.


2019-жылы 280 орундуу заманбап шарттары менен камсыздалган жаңы курулган Таалайбек Курткаев атындагы орто мектеп ишке киргизилди. Учурда жайкы спорттук комплекси салынууда. Ошондой эле "Катар Чарити" кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо максатында социалдык шаарчаны куруу долбоору ишке кирүү алдында турат".

Мантыш айылында айыл өкмөтү, клуб, оорукана, бала бакча жана элдик китепкана бар. Жакында эле "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негизинде айылда 500дөн ашуун жаңы китептер менен жаңыланганын Ализа айтып өттү.

Айылдын жаратылышы абдан кооз.

"Мантыш айылы атактуу адамдарга бай. Алар:

Педагог, агартуунун уюштуруучусу Капар Кыдыралиев.

Кыргызстандын советтик соңку тарыхындагы белгилүү мамлекеттик ишмер, педагог, СССР Жогорку Советинин депутаты, профессор Карыбек Молдобаев

Мамлекеттик туунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сабыр Иптаров.

Акын, журналист Барчынбек Бугубаев.

Белгилүү алып баруучу, ди-джей, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, телевидениенин отличниги

Салтанат Саматова

Жаш акын Темирлан Сейитбеков

Мантыш айылынын аталышы боюнча так маалымат жок. Бул өрөөндө бир нече ирет калмактардын хандыгы болгондугу дагы маалым. Ошол себептен улам биздин айылдын аты да калмактардан калса керек. Негизинен эле кыргыз тилинде "Мантыш" деген сөз калмакча "чолок же кыска" деген маанини билдирет деп айтып жүрүшөт. Чынында Мантыш айылынын түштүк-батыш тарабындагы тоолору кыска келгендиктен чолок деген ысым берилгендиги чындыкка жакын экенин айгинелеп турат. Дагы көптөгөн божомолдору бар, бирок так маалымат азыркыга чейин жок", - деди Ализа Байсейитова.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан