Ысык-Көл. Каракол шаарында кош бойлуу айымдардын 43 пайызы анемиядан жабыркайт
Каракол шаарында былтыр анемия оорусу менен 31 кош бойлуу эне каттоого алынса, быйыл бул сан 137ге жеткени аныкталды. Көрсөткүчтүн өсүшүнө кош бойлуу энелердин өз убагында текшерүүдөн өтүшпөй жана үй-бүлөлүк
дарыгерлер берген кеңешке көңүл бурушпаганы себеп болуп жатыптыр. Муну облустук оорукананын
башчысы Токтобай Маанаев билдирди. Ысык-Көл облусунда учурда иштеп жаткан акушер-гинекологдордун 50-60 пайызы пенсия курагына барып калгандар экенин айтат Маанаев.