ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Алдыда президенттик шайлоо

Быйылкы жыл саясий окуяларга бай жылдардан болду. Бул жылы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков дагы кызматтан кетти. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо дайындалды. SUPER.KG порталы жыл ичинде орун алган саясий окуялардын топтомун сунуштайт.

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү аяктап, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Дүйнөнү коронавирус илдети каптап, шайлоо жылдырылсын деген талаптар айтылган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ошентип парламенттик шайлоо 4-октябрда 16 партиянын катышуусунда өттү. «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн. 5-октябрда алардын катарына "Мекенчил" партиясы дагы кошулган. Калган партиялардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп аянтка митингге чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор аянтка чыгышты

5-октябрь шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышты. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Партия өкүлдөрү саат 20:00гө чейин президент Сооронбай Жээнбековго шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн убакыт беришти. Президенттик аппарат 6-октябрда мамлекет башчы 16 партиянын лидерлери менен жолугат деген маалымат тараткан. Митингге чыккандардын айрымдары Ак Үйдүн тосмосун көздөй жөнөшкөн. Күч органдарынын кызматкерлери тарабынан үн чыгарчу куралдан ок атылып, көздү ачыштырган суу чачылган. Митингге чыккандар ар тарапка чачырап кайра биригип жатышкан. Мындан жарадар болгондор да болду. Ошентип 6-октябрга караган түнү Ак Үй алынды. Андан кийин абакта жаткан бир топ саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкө башчы Бишкекте деген маалымат таратты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана саясий күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенерин билдирүүдө. Ал өзүнүн бардык күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат. Биринчи кезекте бул өлкөдө бир күн мурун өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу", - деп ал билдирүү таратты.
Парламент Садыр Жапаровду бир эмес, үч жолу премьер-министр кылып шайлашты. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алды

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялады.

"Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга алдырбоого чакырам", - деди Жээнбеков.

Президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарып калды

Мыйзамга ылайык, президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кетсе, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Ага чейин Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канатбек Исаев дайындалган. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары буга каршы болуп митингге чыгып жатышты. Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын расмий жарыялаган. Ошентип президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарып калды.

Президенттик шайлоо, референдум өткөрүү күнү белгиленди

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. 14-ноябрда президент болом деген талапкерлердин саны 63кө жетти. Ошентип алардын саны кыскарып отуруп азыр 18 талапкер калды. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат. Садыр Жапаров дагы шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

10-декабрда Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган. Мыйзам долбоору 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Акылбек Жапаров. Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев мыйзамга "каршы" деп добуш беришкен. Ал эми 60 депутат "макул" деп добуш берген.

Мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айткан да депутаттар болду. Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айткан.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аталган мыйзамга кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан