Өзбекстандык делегация Бишкекте өтүүчү "Корея Республикасы - Борбордук Азия" форумуна катышат
Өзбекстандык делегация 3-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтчү “Корея Республикасы - Борбордук Азия” кызматташтык форумуна катышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бишкекте өтүүчү бул форум аймактагы өлкөлөргө Корея менен кызматташууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Форумдун максаты - Кореянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташып, саясатты, соода-экономикалык жана маданият-гуманитардык чөйрөнү өнүктүрүүсүнө шарт түзүү. Форум жыл сайын Кореяда өтүп келсе, быйыл Кыргызстанда өтмөкчү.