Тажикстанда жарандардын чет өлкөгө жумушка чыгуу курагы 18 жаш деп белгиленди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон 21-октябрда "Миграция жөнүндө" жаңы мыйзамга кол койгон. Жаңы мыйзам 1999-жылдан бери колдонулуп келген мыйзамдын ордуна кабыл алынды. Мурда чет өлкөгө иштегени баргандар үчүн жаш курак чектөөсү болгон эмес.
Жаңы мыйзам боюнча, тажикстандыктар мигранттардын укуктары корголгон өлкөлөргө гана жумушка бара алышат. Бул өлкөлөрдө мигранттардын укуктары эл аралык келишимдер же Тажикстан менен ошол мамлекеттердин ортосундагы келишимдер аркылуу корголушу керек.
Ошондой эле Тажикстанга жумушка келген чет өлкөлүк жарандар да 18 жаштан баштап гана иштей алышат.