Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев Бишкекке аймактардан келип кеткендердин көйгөйүн көтөрдү (видео)

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекке аймактардан келгендер үчүн транспорт маселесин чечүү керектигин айтты.

Эл өкүлү Транспорт министрлигин бул жагы Токмокко, аркы жагы Кара-Балтага чейин каттаган атайын автобустарды ишке киргизүүгө чакырды.

"Аймактагылар таңкы маалда Бишкекке келе алышпайт же кечинде кете алышпайт. Себиби, маршруттук каттамдар аз. Транспорт министрлиги автобустарды өзү сатып алсын же инвестор тартсын. Анан каттамдардын убактысын кароого ыңгайлашкан санарип тиркемеге киргизсе болот. Туруктуу каттаган автобустар жок. Кичи автобустар өздөрү каалаган тарифти коюшат, каалаган учурда каттамга чыгышат",- деди Бекешев.

Дастан Бекешев Бишкекке аймактардан келип-кеткендердин көйгөйүн көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан