Ысык-Көл. Каракол ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

5-октябрда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлгөнүнө 95 жыл толот. Буга карата 2-октябрда облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан милиция кызматкерлери арасында футбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөргө ОИИБинин жетекчилиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, мындай мелдеш 3 жылдан бери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан