Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо башталды

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган меморандумду кароо башталды. Депутаттар маселе боюнча маалымат угуп отурбай эле суроо-жоопко өтөлү дешүүдө. Маселе фракциялар менен комитеттерде кенен каралганы айтылды. Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөт башчыга сөз берүү керектигин айтты. "Булар да оюн айтып, иши менен тааныштырсын. Ошого жараша суроо берели. Жашынып жаткан партизандай болуп туш-туштан чыга калып суроо берүүгө өткөнүбүз туура эмес",- деди.

Буга чейин меморандум фракцияларда каралып, "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары аны колдобоо чечимин кабыл алышкан. Бул фракциялар меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына толук жооп бербейт деп табышты. Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан