Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда 4-октябрда электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматынан маалымдашты. Бишкекте саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй, Сүйүмбаев, Орозобеков, Шербаков, Бухара, Наманган көчөлөрүндө, Москва көчөсүндөгү №192, Токтогул көчөсүндөгү №216 жана Бурдин, Коёнкөзов, Т.Молдо көчөлөрүнүн айланасында жарык өчүрүлөт. Чүй облусундагы Кара-Балта шаарындагы айрым көчөлөрдө, Жайыл районундагы Сосновка айылында, Сокулук районундагы Гавриловка айылында саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчүрүлөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан