Президент Алмазбек Атамбаев 4-5-октябрь күндөрү Баткен облусунда, 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өлкө башчы аймактагы социалдык-маданий мекемелер, ирригациялык системдердин курулушу менен таанышып, бир катар мектептердин ачылышына катышат. Өлкө башчынын белгилүү мамлекеттик ишмерлер Абсамат Масалиев менен Насирдин Исановдун эстеликтеринин ачылышына катышуусу күтүлүүдө.