Кыш киргенде эле Бишкекти каптаган ыш, кара түтүн маселеси көтөрүлүп, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып, эшикке чыгып дем алууга мүмкүн болбой калат. Бул көйгөй учурда абдан курчуп турган маал. Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы акыркы жылдары кооптуу чектен ашканын көрсөтүүдө. Бул көйгөй Бишкектин ар бир жашоочусун тынчсыздандырат. Биз көйгөйдүн келип чыгуу себептерин жана булганыч абанын ден соолукка тийгизген таасирин иликтеп көрдүк.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №945 санынан окуй аласыз.